Суу пайдалануучулардан турган 486 ассоциация (СПА) Кыргызстандагы 736 миң гектар сугат жерди тейлейт. Каражаттардын жетишсиздигинен сугат суу да жетишсиз.
" Ички-арык каналынын этегиндебиз. Каналдардын абалы начар болгондуктан суу бизге жетпейт. Түшүмүбүз куурап кетти. Берекеси учпасын деп бир ай мурун оруп алдык. Жүгөрүнүн ар бир гектарынан 15 тонна курук дан күткөнбүз. Ошонун 50%ын гана ала алдык.
Аскербек Мустаев
Шайдан айыл өкмөтүнүн Чон-арык айылылынын тургуну, Жалал-Абад облусу
Аткарылбаган милдеттер
СПАлар эки милдетти аткарышат: сууну фермерлерге бөлүштүрүү жана ички каналдарды тейлөө.
Бул иштерге жергиликтүү өз алдынча башкаруу (ЖӨБ) органдарынын аралашуусуна мыйзам жол бербейт. Айыл өкмөттөр бул маселеге аралашаар замат мыйзам чегинде жоопкер болушат.
РСЧБ – Райондук суу чарба башкармалыктары | СПА – Суу пайдалануучулар ассоциациялары
РСЧБнын карамагындагы каналдардын узундугу болгону 5.7 км болсо, СПАнын карамагында 23.2 км узундукту түзөт.
РСЧБнын карамагындагы дренаждык системалардын узундугу 1.2 км болсо, СПАнын карамагында 4.5 км узундукту түзөт.
РСЧБ капиталдык оңдоого республикалык бюджеттен 370 млн сом алса, СПАлар 34.9 млн сом өз бюджетинен учурдагы ремонт иштерине сарпташат.
Сугат суу көйгөйүн чечүү керек
Өлкөдөгү азык-түлүк коопсуздугу дыйкандарыбыздан түздөн-түз көз каранды.
Мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизип, кырдаал оңдолбосо, ички каналдар мындан да ары начарлап, сугат суунун таңкыстыгынан эгиндер менен түшүмдөр төмөндөп кетет деп айтылууда.
Ирригация маселелери боюнча Демилгелүү топ өлкө боюнча өткөн талкуулардын негизинде түзүлүп, өзгөрүүлөрдү талап кылып келет.
Сугат сууну дыйкандарга жеткирүү кызматынын сапатын жакшыртуу үчүн ирригация боюнча мамлекеттик программаларга ички каналдарды калыбына келтирүүнү киргизип, каржылоо маселесин чечүүнү жана бул өтө маанилүү маселеде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ролун жана катышуусун мыйзамдаштырууну суранышат.
«Мисалы Шүкүрали каналынын узундугу 3500 метрди түзөт. Каналдын баш-этегине чейин камыш баскан. Эки жылда бир механикалык тазалайбыз, бирок бул каналдын начардыгынан сууну этектеги дыйкандарга жеткире албайбыз. Бир метр каналды бетондош үчүн 200 доллар талап кылынат экен»,
– СПАнын өкүлү Токтобек Абласанов.
Жаңы мыйзам долбоору
Ички ирригация маселелери боюнча Демилгелүү топ өлкө боюнча талкууларды өткөрүп, көйгөйдүн себептерин изилдеп, мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү сунуштоодо.
Кыргыз Республикасынын «Суу Кодексине», «Сууну пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары) жөнүндө» мыйзамына жана «Бузуулар Кодексине» төмөнкүдөй өзгөрүүлөр сунушталууда:
Мамлекеттин жоопкерчилик чөйрөсү кеңейтилет
Сугат тутумдарынын менчигине жана сугат суу менен камсыз кылуунун башкаруу субъектисинин статусуна карабастан, сугат сууну булагынан ар бир чарбага алып келүүдөгү мамлекеттин, анын атынан Кыргыз Республикасынын Ѳкмөтүнүн, жоопкерчилик чөйрөсүн кеңейтүү.
Ички каналдардын каржылоо булактары кеңейтилет
Ички ирригациялык сугат тутумдарын куруу, эксплуатациялоо жана оңдоо иштерин каржылоонун ар кандай каржылоо булактары үчүн укуктук негиздерди түзүү. Анын ичинде республикалык жана жергиликтүү бюджеттери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган, КР бюджеттик тутумунун башка каражаттары.
Ички ирригация боюнча тандоо укук жергиликтүү коомчулукта пайда болот
Суу пайдалануучулар бирикмелерине, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, жана ошондой эле жергиликтүү жамааттарга өз ыктыяры менен өзүлөрүнүн жоопкерчилиги астында, ички чарбалык ирригациялык курулмалардын статусун аныктоого жана сугат суу менен камсыз кылууда ЖОБ органдарынын жоопкерчилик даражасын аныктоого чечим кабыл алуу укугу берилет, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн алкагында.
Суу пайдалануучулардын милдеттерди аткаруу жоопкерчилиги кеңейтилет
Суу пайдалануучулар ассоциацияларынын, дыйкан чарбалардын жана башка сугат суу колдонуучулардын сууну пайдалануу эрежелерин сактоо жана сугат сууну жеткирүү боюнча келишимдик милдеттенмелерди аткаруу жагынан жоопкерчилигин жогорулатуу.
Суу пайдалануучулар өз убагында суу акысын төлөбөсө жана/же аны төлөөдөн баш тартса, бул мыйзам бузуу катары каралып, Кыргыз Республикасынын Бузуулар Кодексинин талаптарына ылайык айып пул салынат.
Төлөмдөрдү эсептөө ыкмасын мамлекеттик орган көзөмөлдөйт
Сугат суу кызматтары үчүн акыны эсептөө тартиби суу ресурстарын башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан көзөмөлдөнөт. Бул орган ички чарбалык сугат тармактарында пайдаланылган сугат суунун нарк-акысын эсептөөнүн тууралыгын жана толуктугун көзөмөлдөйт.
Тарифти бекитүү СПАнын, же эгерде ирригациялык курулмалар муниципалдык менчикке өткөрүлүп берилсе, анда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ыйгарым укуктарында калат.