РЕЗОЛЮЦИЯ
«Ички ирригация жана сугат суу маселелери»
боюнча конференциянын резолюциясы

2020-жыл, 23-декабрь, Ош шаары
2020-жылдын 23-декабрында Ош шаарында ички ирригация, сугат суу маселелери боюнча Демилгелүү Топ тарабынан аткарылып жаткан иш аракеттери жана сугат суу көйгөйлөрүн чечүү максатында сунушталган мыйзам долбоорун талкуулоо боюнча Конференция болуп өттү.

Конференция, ХЕЛЬВЕТАС Свисс Интеркооперейшн Ассоциациясынын Кыргызстандагы филиалы тарабынан аткарылып жаткан “Сугат сууну башкарууну жакшыртуу” Долбоорунун колдоосу менен “Абад” Коомдук фонду тарабынан уюшулду.
Конференцияга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министрлигинин өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын суу ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин өкүлдөрү, Райондук айыл чарба башкармасынын өкүлдөрү, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, Суу пайдалануучулар ассоциациясынын өкүлдөрү, дыйкан чарба кооперативдердин жетекчилери, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, эксперттер болуп 60 киши катышты.
Конференциянын максаты
суу пайдалануучулар ассоцияцияларынын жоопкерчилик аймагындагы ички ирригациялык каналдардын абалын жакшыртуу менен сугат сууну дыйкандардын талаасына чейин жеткирип берүү кызматынын туруктуулугун жогорулатуу жана сугат суу көйгөйлөрүн чечүү максатында сунушталган мыйзам долбоорун КР Жогорку Кеңешинин депутаттарына жакынкы арада талкуулап, кабыл алып берүүсүнө жетишүү.
Конференциянын катышуучулары Сугат сууну дыйкандарга жеткирүү кызматынын сапатын жакшыртуу үчүн
• ирригация боюнча мамлекеттик программаларга ички каналдарды калыбына келтирүүнү киргизип,
• каржылоо маселесин чечүүнү жана бул өтө маанилүү маселеде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ролун мыйзамдаштырууну,
• жана сугат суу көйгөйлөрүн чечүү максатында сунушталган мыйзам долбоорун талкуулашты.
Ошондой эле
Суу пайдалануучулар ассоциацияларынын жоопкерчилик аймагындагы сугат сууну дыйкандарга жеткирүү кызматынын башкаруу системасындагы учурдагы жагдайына тынчсыздануу менен Демилгелүү Топтун пикирлерин, сунушталган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеште каралганда эске алууну сунуштайт.
Сүрөттө: Жогорку Кеңештин депутаты Айнура Осмонова
1
СПАлардын мүчөлөрү өздөрүнүн милдеттенмелери менен жоопкерчилиги алкагында ички чарбалык ирригациялык тармактарды пайдалануу жана техникалык тейлөөгө байланыштуу бардык маселелерди өз алдынча чече алышат деген күтүлүүлөр орундалган жок.
2
Сугат сууну дыйкандарга жеткирүү кызматын, ички чарба ирригациялык тармактарды пайдалануу жана тейлөөгө керектелген финансы каражаттардын жетишсиздиги системалык мунөзгө ээ.
3
Ирригациялык тармактарды курууга жана калыбына келтирүүгө мамлекеттен жеңилдетилген 25% гана кайтарым менен насыя берилип жатат. Ошентсе дагы, СПАлар тарабынан кайтарым начар болууда. Бул насыянын эсебинен 133 СПА 2309 км ички каналдарды реабилитация кылышкан, б.а. жалпы ички иригациялык инфрструктуранын 10 пайызы. 2019-жылдын аягына карыз 691 млн 288 миң болсо, кайтарымы 110 млн сомду түзүп, болгону республика боюнча насыянын кайтарымы 17 пайыздын тегерегинде. Бул көрүнүш учурда СПАлар инвестициялык жана кредиттик каражаттарды натыйжалуу башкарууну камсыз кыла албагандыгын билдирет.
СУНУШТАР
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Конференциянын катышуучулары КРнын Жогорку Кенеши менен КР Өкмөтүнөн сугат сууну дыйкандарга жеткирүү кызматынын сапатын жакшыртуу үчүн, мамлекеттик экономикалык өнүгүү саясатын иштеп чыгууда төмөнкү сунуштарды эске алууну суранышат
Сугат тутумдарынын менчигине жана сугат суу менен камсыз кылууну башкаруу субъектисинин статусуна карабастан сугат суунун булагынан ар бир чарбага алып келүүдөгү мамлекеттин, анын атынан өзгөчө Кыргыз Республикасынын Ѳкмөтүнүн жоопкерчилик чөйрөсүн кеңейтүү.
Ички ирригациялык сугат тутумдарын куруу, эксплуатациялоо жана оңдоо иштерин каржылоонун ар кандай булактарынын, анын ичинде республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган, Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун башка каражаттарынын эсебинен каржылоо үчүн укуктук негиздерди түзүү.
Суу пайдалануучулар ассоциацияларына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, жергиликтүү жамааттарга ички чарбалык сугат объекттеринин абалы жана сугат суусун жеткирүү үчүн жергиликтүү жамааттын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн алкагында түздөн-түз ыктыярдуу түрдө, өз алдынча, өзүлөрүнүн жоопкерчилиги астында чечим кабыл алуу укугун берүү.
Суу пайдалануучулардын ассоциацияларынын, дыйкан чарбаларынын жана башка колдонуучулардын сууну пайдалануу эрежелерин сактоо жана сугат сууну жеткирүү боюнча келишимдик милдеттенмелерди аткаруу жагынан жоопкерчилигин жогорулатуу.
Сугат суу кызматтары үчүн акыны эсептөө тартиби суу ресурстарын башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан көзөмөлдөөнү. Бул орган ички чарбалык сугат тармактарында пайдаланылган сугат суунун нарк-акысын эсептөөнүн тууралыгын жана толуктугун көзөмөлдөйт. Тарифти бекитүү СПАнын, же эгерде ирригациялык курулмалар муниципалдык менчикке өткөрүлүп берилсе анда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарында калат.
Биз, ушул конференциянын катышуучулары Жогорку Кенешти, Өкмөттү, ЖӨБ органдарын, жарандык коомду суу пайдалануучулар ассоциацияларын сугат суу башкаруу системасын өркүндөтүү жана сугат суу көйгөйлөрүн чечүү максатында сунушталган мыйзам долбоорун кабыл алуу багытында болгон күч аракеттерди бириктирүүгө жана ишти алып барууга чакырабыз.

Республикадагы айыл чарбанын өнүгүүсү жана ирригациялык кызматтарды көрсөтүүнүн туруктуулугун камсыздоо максатында сиздерди тиешелүү мамлекеттик саясатты жана мыйзамдык чараларды кабыл алууга чакырабыз.
Резолюция конференциянын катышуучулары тарабынан
кабыл алынды жана толук колдоого алынды.
Айнура Осмонова
КР Жогорку Кеңешинин экономика жана фискалдык саясат боюнча комитеттин мүчөсү
"
Суу пайдалануучулар ассоциацияларынын абалы профсоюз органдарына окшоп эле эптеп акча чогултушат. Дыйкандар төлөсө төлөп, төлөбөсө төлөбөй коюшат. Ошону бир нукка салып, мамлекеттик деңгээлде бул маселени көтөрүп, каналдарды тазалап, карталарын аныктап берсек, ушул маселени чечсек, ошондо гана бизде салыктар пайда болот, иш орундары пайда болот, ошондо гана бизде продукция өндүрүлөт.", – Айнура Осмонова.
"
Ар кандай тоо кендери бар болгон кээ бир бай айыл өкмөттөр бар. Бирок алар ички сугат каналдарын тазалап, оңдоп, жаңы каналдарды жасаганга акча бөлүп беришсе, аларды прокуратура [мыйзамга ылайык келбегендигинен] отургузуп, кыйнап коюшат экен. Ошол пунктту мыйзамга киргизип, мындай каржылоо маселесине жергиликтүү бийлик да катышсын деген маселени талкуулап жатабыз", – Тилек Токтогазиев.
Тилек Токтогазиев
КРнын айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министри
Искендер Айдаралиев
"Bio-KG" органикалык кыймылынын Федерациясынын директору
"
Мурда реформа болгондо ирригациялык каналдар тышкы чарбалар аралык жана ички чарбалык каналдар болуп экиге бөлүнүп калган. Тышкы чарбалар аралык каналдар мамлекеттин карамагында калып, ал эми. ички каналдар жаңы түзүлгөн Суу пайдалануучулардын ассоциацияларынын (СПА) карамагына өтүп, 100 пайыз дыйкандардын моюнунда калган. Акыркы жолу 1970-жылдары оңдолгон бул каналдарга жетиштүү акча жумшалбай, шарттары өтө оор. Дыйкандарыбыз толук кандуу суу албагандан кийин, төлөмдөрү да начар болуп жатат. Кээ бир гана СПАлар 40-60 пайыз төлөмдөрдү чогулта алат, алар эң жакшы деген ассоциациялар, ал эми көбүндө төлөмдөр чогултулбайт. Ал чогултурган каражаттар ошол СПАларды иштеткен кызматкерлерге гана жетип, бирок ремонттоого такыр жетишпейт", – Искендер Айдаралиев.
"
Ички чарба системаларга жол ачып бериш керек. Ал жолдор – мамлекеттик бюджеттен, фонддук жана башка булактардан каржылоого булактарды ачып жатабыз. Эгерде жергиликтүү коомчулук, суу пайдалануучулар өздөрү ички чарба системасын муниципалдык менчикке которсок, учетко тургузсак, кайра ошол менчикти келишим менен СПАга берсе, анда каржылоого жол ачылат. Бүгүн бул системалар жеке менчик катары каралып жаткандыгынан, Бюджеттик кодекстин негизинде аларды каржылаганга болбойт. Биз азыр Суу кодексине биринчи өзгөрүүлөрдү киргизип, кээ бир кемчиликтерди оңдой алабыз деп ойлойбуз", – Асылбек Чекиров.
Асылбек Чекиров
Финансылык борбордон ажыратуу жөнүндө жана бюджеттер аралык мамилелер боюнча долбоорлордун менеджери, Өнүктүрүү саясат институтунун эксперт-аналитиги
БАЙЛАНЫШЫҢЫЗ
+996 770 888 695
This site was made on Tilda — a website builder that helps to create a website without any code
Create a website